Турсунбаев Азизбек Атакозуевич

Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети
11
Жыйынга келген жок
1541
Добуш
26
Демилге

Баруу статистикасы

25
Келди
2
Жок болду
52
Келди
7
Жок болду
52
Келди
1
Жок болду
19
Келди
1
Жок болду

Таржымал

ТУРСУНБАЕВ Азизбек Атакозуевич 1966-жылдын 3-майында Ош облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айлында туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз медициналык институтунун стоматологиялык факультетин аяктаган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык факультетин бүтүргөн. 1994-1995-жылдары Ош областтык стоматологиялык поликлиникасында интернатурада окуган. Эмгек жолун 1983-жылы Ала-Бука районунун «Бирлик» совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1995-1999-жылдары – жеке ишкер; 2000-2003-жылдары Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын «Шекер-Ордо» ЖЧКнын соода-сатык иштери боюнча башчысы; 2003-2005-жылдары «Ошкрастекст» ЖЧКнын Бишкек филиалынын директорунун орун басары, директор; 2005-2007-жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2007-жылы IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2007-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болгон. 2011-жылы Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болгон. Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Курултайлар жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-23942/17
Күнү: 06.12.2017