Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети
8
Жыйынга келген жок
1635
Добуш
18
Демилге

Баруу статистикасы

24
Келди
3
Жок болду
56
Келди
3
Жок болду
53
Келди
0
Жок болду
18
Келди
2
Жок болду

Таржымал

1964-жылдын 31-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1986-жылы Айыл чарба техникумун «веттехник» адистиги боюнча, 1996-жылы Кыргыз айыл чарба институтун «ветеринардык врач» кесиби боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1986-жылы Жети-Өгүз районундагы Тамга совхозунан жумушчу болуп баштаган. 1986-жылы ушул эле совхозго ветеринар кызматына которулган. 1987-жылы Тамга совхозунун комсомол комитетинин катчысы болуп иштеген. 1988-жылы Тамга совхозунун зоотехниги, ал эми 1993-жылы совхоздун болум башчысы кызматын аркалаган. 1994-жылы Тамга дыйкан чарбалар кооперативинин башкы адиси болгон. 1996-жылы Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган. 1999-жылы Тамга дыйкан чарба кооперативинин торагасы болуп шайланган. 2005-жылы Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кайрадан шайланып, 2011-жылы өз каалоосу менен кеткен. 2015-жылдын 4-октябрында «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын тизмесиненVI чакырылыштын депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөлү, беш баланын атасы.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү