Айдаров Нургазы Абдыраевич

Бюджет жана финансы боюнча комитети
0
Жыйынга келген жок
0
Добуш
1
Демилге

Баруу статистикасы

Таржымал

1966-жылдын 16-январында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1986-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолун 1986-жылы Ош комбинатында элге керектөөчү товарлар өндүрүшү боюнча нормалоочу болуп иштөө менен баштаган. 1988-1989-жылдары «Индпошив одежды» фабрикасында комсомол комитетинин катчысы. 1989-жылы Кыргызстан ЛКЖСнын Ош шааркоомунун жаштардын социалдык-экономикалык проблемалары бөлүмүнүн башчысы. 1989-1991-жылдары Кыргызстан ЛКЖСнын Кара-Суу РКсынын биринчи катчысы. 1991-1992-жыдары «Ош-Памир» биржалык соода үйүнүн маркетинг жана бааларды коюу боюнча директорунун орун басары. 1992-жылы «Рембыттехника» заводунун директорунун орун басары болуп эмгек кылган. 1992-1997-жылдары «Каз-Кыр» СПсынын башкы директору. 1997-2003-жылдары «Экспорт-Астык» компаниясынын түштүк регион боюнча директор болуп иштеген. 2003-2005-жылдары «Си-БУ» ЖЧКсынын вице-президенти. 2005-2007-жылдары Ага Хан Фондунун Региондук өнүгүү жана прогресс боюнча программасынын региондук менеджери болуп иштеген. 2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин II чакырылышынын Эл өкүлдөрү палатасында депутат болгон. 2007-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышына депутат болгон. 2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон. 2020-жылдын май айынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын 2-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси. Үй-бүлѳлү, үч баланын атасы.

Депутаттын демилгелери