1980-жылдын 22-сентябрында Фрунзе шаарында туулган.
Жогоркуу билимдүү. Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетинин Бишкектеги институтун «экономикада колдонмо информатика» адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 2008-жылы «Медиа форум» ААКта референт болуп иштеп баштаган.
2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы болгон.
2011-2013 жылдары «Кыргызалтын» ААКга текшерүү комиссиясынын мүчөсү;
2013-2015-жылдары Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын борбордук штабынын координатору;
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.