1970-жылы Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Ат- Башы айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эсеп-коммерциялык факультетин, 2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Ат-Башы районунун РайПОсунун улук бухгалтери кызматында баштаган.
1995-жылдын декабрь айынан июнь айына чейин Мамлекеттик салык инспекциясынын Октябрь районунда инспектор;
1995-2003-жылдары –Мамлекеттик салык инспекциясынын Биринчи май району боюнча башкармалыгында инспектору, сектор башчысы;
2003-2006-жылдары - Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин району боюнча башкармалыгынында бөлүм башчы;
2006-2008-жылдары - Мамлекеттик салык инспекциясынын Свердлов району боюнча башкармалыгында бөлүм башчы;
2008-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Экономиканы жөнгө салуу министрлигине караштуу Мамлекеттик инспекциясынын директору;
2010-2015-жылдары V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-2012-жылдары КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, 2013-2015-жылдары КР Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болгон.
2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2015-жылдын ноябрь айынан 2016-жылдын октябрь айына чейин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы болгон.
2016-жылдын октябрь айынан тартып "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.