Бакчиев Жаныбек Абдукапарович

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети
0
Жыйынга келген жок
0
Добуш
10
Демилге

Баруу статистикасы

Таржымал

1967-жылы 13-июлда туулган. Жогорку билимдүү. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин экономика факультетин бүтүргөн. 2010-жылы КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын магистратурасын аяктаган. Эмгек жолун 1988-1992-жылдары КРнын ички иштер органдарында кызмат өтөп баштаган. 1992-жылы АКШ өкмөтүнүн жогорку бийликтегилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын окутууларынан өткөн. 1992-1994-жылдары Кыргызстандын президентинин Күзөт кызматында ага офицер. 1994-1997-жылдары КРнын Чүй областынын губернаторунун жардамчысы. 1997-2000-жылдары КРнын улуттук коопсуздук министрлигинин “Калкан” террорго каршы борборун жетекчиси. 1998 –1999-жылдары АКШ өкмөтүнүн терроризмге каршы атайын окутууларынан өткөн. 2005-жылы КРнын Премьер-министринин кеңешчиси. 2009-2012-жылдары КРнын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы. КРнын Самбо федерациясынын Ардактуу президенти. 2015-жылы КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаты. Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү