Бекешев Дастан Далабайевич

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети
24
Жыйынга келген жок
1467
Добуш
95
Демилге

Баруу статистикасы

25
Келди
2
Жок болду
52
Келди
7
Жок болду
40
Келди
14
Жок болду
19
Келди
1
Жок болду

Таржымал

1983-жылы 22-ноябрь айында Бишкек (Фрунзе) шаарында төрөлгөн. 6 жашында көрүүдөн ажыраган. Азиздер жана көзү начар көргөн балдар үчүн атайын мектеп-интернатында билим алган. Дастан Бекешевдин үч бир тууганы бар. Үй-бүлөлүү, бир кызы бар. “Юрист” кесипчилиги боюнча Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетин аяктаган соң, Дастан Бекешев эмгек ишмердүүлүгүн 2006-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук салык башкармалагында баштаган. 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Экономика министирлигинде кызмат өтөгөн. 2010-жылы “Ар-Намыс” саясий партиясынын мүчөлөгүнө кирип, тизме боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2014-жылы идеологиялык көз караштардан улам, “Ар-Намыс” партиясынын мүчөлүгүнөн чыгып, өзүнүн командасы менен “Ак-Ниет” партиясын негиздеген. 2015-жылы “Ак-Ниет” партиясынын лидерлигинен баш тартып, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке шайланган. Дастан Бекешев – көптөгөн мыйзам доолборлордун демилгечиси, анын ичинде укук коргоо органдарынын, ошондой эле күрөөканалар менен букмекерлик конторалардын ишмердүүлүгүнө катуу талаптарды коюу боюнча, тамеки продукцияларына болгон салык салуу, жол-кыймыл эрежелерин бузуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жарандардын электрондук кайрылууларын кароо, шаар жана айылдардын башкы пландарын ачыкка чыгаруу, административдик укук бузуулар үчүн коомдук иштерди киргизүү тууралуу мыйзамдардын автору. Бекешевдин ишмердүүлүгүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоого өзгөчө көңүл бурулат. Майыптыгы бар адамдардын укугун таасирдүү түрдө коргоого багытталган бир катар мыйзам долбоорлор демилгеленип, алардын ичинен бир катары кабыл алынган. 2011-жылы Бекешевдин демилгеси менен парламент тарабынан “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Мыйзамга түзөтүүлөр кабыл алынган, ага ылайык мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук телевизиондук каналдардын телевизиондук жаңылык көрсөтүүлөрү сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен коштолууга тийиш. Жогорку Кеңештин башка депутаттар менен биргеликте Бекешев “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына киргизилген түзөөтүүлөрдүн негизинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттерге ЖОЖдорго тапшыруу үчүн квоталар каралган. Дастан Бекешевдин сунушу менен Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга милдеттүү түрдө ар бир партиянын талапкерлер тизмесинде экиден кем эмес ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын талапкерлиги болушу керек жана анын бирөөсү сөзсүз түрдө биринчи элүү талапкердин тизмесинде болушу керек. Ошондой эле добуш берүү жайлары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болушу абзел.Бекешевдин демилгеси менен “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзам тутумунун ченемдерин аткаруу тууралуу” 2011-жылы парламенттик токтом кабыл алынган. Тилекке каршы, майыптар үчүн иш ордуларын түзүү боюнча атайын фонд уюштурууга багытталган мыйзам долбоору парламент тарабынан колдоого алынган эмес. Дастан Бекешевдин демилгеси менен майып адамдарды колдоо боюнча бир катар социалдык долбоор ишке ашырылууда: Дастан Бекешев мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө тартип, ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принциптери аныкталышы керек деп эсептейт. Бул максатта депутат мамлекеттик органдардын ишинде ачыктыкты камсыз кылуу үчүн бир катар демилгелерди көтөргөн. Алсак, бул демилге аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын интернет түйүнүндө видеокөрсөтүүлөрү жайгаштырылган. Ошону менен бирге Бекешев, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун чечимдеринин бирдиктүү базасын түзүү жөнүндө сунуш киргизген. Дастан Бекешев маал-мал менен YouTube интернет-сервисиндеги өздүк каналында парламенттин отурумдарынын видеолорун жана өзүнүн отчетторун жайгаштырып турат. Ошондой эле, Бекешев 2012-жылдан баштап Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында окуучулар жана студенттер үчүн атайын экскурсия уюштурулуп келүүдө.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Жаштар жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-25933/19
Күнү: 06.12.2019
«Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9620/17
Күнү: 27.04.2017
«Электрондук кол тамга жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9617/17
Күнү: 27.04.2017
«Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынган жок
Каттоо номери : Номери: 6-13290/16
Күнү: 23.05.2016
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
Кабыл алынган жок
Каттоо номери : Номери: 6-29979
Күнү: 19.12.2012
KG сериясындагы мамлекеттик каттоодогу номердик белгилер жөнүндө
law.types.4
Каттоо номери : Номери: №24588
Күнү: 03.11.2011
Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө Кодекси
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 23425
Күнү: 21.10.2011
Коомдук тамактануу жайларынын иштөө сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө
Кабыл алынган жок
Каттоо номери : Номери: 21224
Күнү: 30.09.2011