Жамалдинов Зиядин Исламович

Бюджет жана финансы боюнча комитети
12
Жыйынга келген жок
1597
Добуш
28
Демилге

Баруу статистикасы

23
Келди
4
Жок болду
56
Келди
3
Жок болду
49
Келди
5
Жок болду
20
Келди
0
Жок болду

Таржымал

1966-жылдын 12-июнунда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жал айылында туулган. Жогору билимдүү. 1988-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун технология факультетин, 1996-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык укук таануу факультетин, 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык укук таануу факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1988-жылы Оштогу этконсерва комбинатында бригадир-товаровед болуп баштаган, кийинчерээк таразачы, даярдоочу, уста (мастер) болуп ошол эле ишканада 1994-жылга чейин иштеген. 1994-1995-жылдары Ош облусунун Салык полиция башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуусу (оперуполномоченный) кызматында иштеген. 1997-2001-жылдары - Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору, ага инспектору, 2001-2002-жылдары - Ош облусу боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы салык инспектору, ага инспектору, 2002-2003-жылдары - Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын ага инспектору, башкы инспектору. 2003- 2005-жылдары - Ош облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) ыйгарым укуктуу өкүлү. 2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III-чакырылышынын депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук реформа жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. 2007-2010-жылдары - «Ак Жол» саясий партиясынан IV-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. 2010-2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация Мамлекеттик комитетинин төрагасы. 2015-жылдын 4-октябрында Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. II-даражадагы Мамлекеттик кызматынын Мамлекеттик кеңешчиси.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө
1-окуу
Каттоо номери : Номери: №8969
Күнү: 19.06.2009