1980-жылы 10-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2002-жылы «юрист» адистиги боюнча Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында I категориядагы специалист, андан кийин алдыңкы специалист. 2003-жылы анык аскердик кызматка чакырылып, 2004 жылы Улуттук гвардиянын юридикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары. 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысы. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратында сектордун башкаруучусу, андан кийин бөлүм башчысынын орун басары. 2012-2015-жылдары Бишкек шаардык кеңеште «Республика» партиясынын жетекчиси жана депутаты. 2015-жылдын октябрь айынан азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика-Ата Журт» партиясынын депутаты.
Кошумча маалымат: 2005-жылы «III класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси» наамы ыйгарылган. 2012-жылы «I класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси» наамы ыйгарылган. Аскердик наам: Юстициянын улук лейтенанты. Бишкек шаардык кенешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Улуттук гвардиянын, Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, эки уул жана бир кыз.