Карашев Аалы Азимович

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети
5
Жыйынга келген жок
1226
Добуш
25
Демилге

Баруу статистикасы

51
Келди
3
Жок болду
54
Келди
0
Жок болду
18
Келди
2
Жок болду

Таржымал

1968-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Ак-Жар айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1991-жылы Кыргыз айыл-чарба институтунун зооинженер адистиги боюнча бүтүргөн. Айыл-чарба илимдеринин кандидаты. Эмгек жолу 1985-1986-жж. Өзгөн районундагы «Табак» чарбасында туутту эсепке алуу боюнча техник; 1986-1996-жж. Студент, аспирант, Кыргыз айыл-чарба институтунун ассистенти; 1996-1998-жж. КРнын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары боюнча Ассоциациянын башкы адиси; 1998-1998-жж. КРнын жергиликтүү коомчулук Конгрессинин аппаратынын жетекчиси; 1998-1999-жж. КР Президенттик администрациясынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана агрардык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; 1999-2000-жж. КР Президенттик администрациясынын мамлекеттик башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн агрардык саясат секторунун эксперти: 2000-2006-жж. КР Президенттик администрациясынын мамлекеттик башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору; 09.2006-10. 2006-жж. КР Президенттик администрациясынын мамлекеттик башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары, мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин мүчөсү; 13.11.2007-2007-жж. КР Президенттик администрациянын мамлекеттик башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы; 11.2007-2009-жж. Ош облусунун губернатору; 10.2009-04.2010-жж. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси, вице-премьер-министр; 07.2011-12.2011-жж. КР Өкмөт башчысынын кеңешчиси; 12.2011-12.2011-жж. КР Президенттик аппараттын кадрдык жана аймактык, мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн башчысы; 2011-2012-жж. Биринчи вице-премьер-министр; 2012-2015-жж. КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору; 2015-2016-жж. Биринчи вице-премьер-министр; 2016-2017-жж. КР Президенттик аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9620/17
Күнү: 27.04.2017
«Электрондук кол тамга жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9617/17
Күнү: 27.04.2017