1968-жылдын 13-октябрында Талас облусунун Киров районунун Шекер айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин бүтүргөн. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын Эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
2010-жылдын апрелинен 2010-жылдын июнуна чейин Мамлекеттик маданият агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу, андан соң Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Маданият министринин милдетин аткаруучу болгон.
2011-жылдын 15-февралынан 2012-жылдын 8-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматында турган.
2012-жылы “Учкун” АКнын башкы директору болгон.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.