1970- жылдын 22- мартында Ош облусунун Кара- Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ош мамлекеттик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча, 2013- жылы Академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин “өнөр жай жана жарандык курулуш” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1991-жылы “Ошкоопкурулуш” (ЖЧК) өндүрүштүк курулуш мекемесинде мастер, прораб болуп иштөө менен баштаган.
2001-2013 жылдары “Ошкоопкурулуш” (ЖЧК) өндүрүштүк курулуш мекемесинин башкы директору болуп иштеген.
2007-2012 жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты, 2012- 2015-жылдары Ош бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү, чет элдик инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы.
2008-2015 жылдары Ош шаарынын ишкерлер союзунун жетекчиси.
2012-2015 жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты, “Адилеттүү Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси.
2015- жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.