1966-жылдын 27-ноябрда Ош областынын Араван районундагы Маңгыт айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2010-жылы Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык Академиясын, 2009-жылы Ош технологиялык университетинин «финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1986-1990-жылдары Ош шаарында кирпич зоводунда кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.
1990-1994-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери;
1994-2004-жылдары жеке ишкер;
2004-2005-жылдары "Ошкрастекс" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары;
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын референти;
2008 жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси;
2008-2009 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Социалдык-протоколдук камсыз кылуу бөлүмүндө сектор башчысы;
2009-2010 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Имараттарды пайдалануу жана коммуникациялар бөлүмүнүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.
2010-2011- жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Москва шаарындагы атайын өкүлү болуп иштеген.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынында аудитор болуп иштеген.
2015- жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекттик кеңешчиси