Омуркулов Иса Шейшенкулович

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети
8
Жыйынга келген жок
1670
Добуш
40
Демилге

Баруу статистикасы

25
Келди
2
Жок болду
56
Келди
3
Жок болду
51
Келди
2
Жок болду
19
Келди
1
Жок болду

Таржымал

1957-жылдын 12-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Горная Маевка айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1980-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн. 1989-1990-жылдары Алма-Атадагы (Казакстан) Жогорку партиялык мектепте угуучусу болгон. Эмгек жолун 1976-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында лаборант болуп иштөө менен баштаган. 1978-1980-жылдары Фрунзе шаардык транспорттук агенттикте диспетчер болуп иштеген. 1980-1981-жылдары Комсомолдун Кант райкомунда инструктордун милдетин аткаруучу кызматын аткарган. 1981-1984-жылдары Фрунзе шаарындагы №3 автопаркта автоколоннанын башчысы болгон. 1984-1986-жылдары ЛКЖБ БКда инструктор; 1986-1989- жылдары Партиянын Фрунзе шаарындагы Свердлов райкомунда инструктор; 1991-1994-жылдары КР Вице-президентинин, Биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы; 1994-1998-жылдары КР Башкы транспорттук инспектору; 1998-2005-жылдары КР Темир жол башкармалыгынын башчысы; 1995-2007-жылдары I,II,III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2007-2010-жылдары Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча IV чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2008-жылдан Бириккен эл кыймылынын (БЭК) саясий бюросунун мүчөсү. 2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу; 2011-жылдын февралынан 2013-жылдын 5-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэри; 2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча VI чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы. 2016-жылдын апрелинен тарта СДПК парламенттик фракциясынын лидери Үй-бүлөлүү, үч баласы бар. II класстагы мамлекеттик кеңешчи. “Ардактуу темир жолчу” ведомстволук белгиси менен сыйланган. 2011-жылдын 1-декабрында КР Президентинин Жарлыгы менен “Коррупциялашкан, элге каршы режимди кулатууда 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда өзгөчө эмгек сиңиргендигин таануу белгисинде” “Апрель элдик революциясынын баатыры” атайын төш белгиси менен сыйланган

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Курултайлар жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-23942/17
Күнү: 06.12.2017
«Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-7941/17
Күнү: 10.04.2017
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
Жаңы
Каттоо номери : Номери: №9129
Күнү: 23.06.2009