Примов Улан Бердибаевич

Бюджет жана финансы боюнча комитети
5
Жыйынга келген жок
1681
Добуш
51
Демилге

Баруу статистикасы

26
Келди
1
Жок болду
58
Келди
1
Жок болду
53
Келди
0
Жок болду
17
Келди
3
Жок болду

Таржымал

Примов Улан Бердибаевич 1978-жылдын 7-декабрында Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ош технологиялык университетиндеги каржы жана экономика факультетин бүтүргөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин Юридика факультетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы тамеки-ферментациялык заводдо кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Жогорку окуу жайды бүткөн соң Ош облусунун Алай районунун каржы башкармалыгында жетектөөчү адис, башкы бухгалтер, экономика бөлүмүнүн башчысы кызматтарында иштеген. 2004-жылы “Пэрити-Коал” ЖЧКсын негиздеп, 2014-жылга чейин директор болуп иштеген. 2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, Бюджет, экономика жана каржы боюнча туруктуу депутаттык комиссияны жетектеген. 2012-жылы III чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, 2014-жылдын январь айында Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2015-жылынын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. Алай районунун мамлекеттик администрациясынын, Ош облустук финансы башкармалыгынын, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги. Экономика илимдеринин кандидаты. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-21178/19
Күнү: 11.10.2019
«Кесиптик бирликтер жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
2-окуу
Каттоо номери : Номери: 6-12058/19
Күнү: 27.05.2019
«Курултайлар жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-23942/17
Күнү: 06.12.2017
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-11612/17
Күнү: 25.05.2017
«Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9620/17
Күнү: 27.04.2017
«Электрондук кол тамга жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9617/17
Күнү: 27.04.2017
«Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-8084/17
Күнү: 11.04.2017
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынган жок
Каттоо номери : Номери: 6-10657/16
Күнү: 21.04.2016