Рыспаев Кожобек Джайчыбекович

Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети
0
Жыйынга келген жок
0
Добуш
32
Демилге

Баруу статистикасы

Таржымал

1963-жылдын 25-январында Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1985-жылы Фрунзедеги Советтик соода техникумун “Товар таануу жана өнөр жай товарларынын соодасын уюштуруу” адистиги боюнча, 2005-жылы Кыргыз улуттук университетин “финансы жана кредит” адистиги боюнча, 2013-жылы Кызыл-Кыядагы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин (КМТУ) алдындагы Жаратылышты пайдалануу жана геотехнология институтун “тоо-кендери жаткан жерлерди иштетүү” адистиги боюнча аяктаган. 1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Ооганстан Республикасында интернационалдык милдетин аткарган. Эмгек жолун 1985-жылы Фрунзедеги “Айчүрөк” дүр-дүнүйө дүкөнүндө “Килем буюмдары” секциясынын контролёру катары баштаган. 1986-жылы №16 Биринчи май дүң-чекене жашылча-жемиш дүкөнүндө улук сатуучу болуп иштеген. 1986-1992-жылдары “Комфорт” дүкөнүндө улук сатуучу – “Курулуш материалдары” секциясынын башчысы болуп эмгектенген. 1992-жылы “Азат” чакан ишканасынын директорунун коммерция боюнча орун басары кызматын ээлеп турган. 1992-1996-жылдары – “Ооган” чакан ишканасынын директору. 1996-жылы Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 2010-жылы “Ар-Намыс” саясый партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы болгон. 2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Кынтыксыз кызматы жана жоокердик каармандыгы үчүн бир топ мамлекеттик сыйлыктар, ордендер жана медалдар менен сыйланган: “Каармандыгы үчүн” медалы (1983-ж.), СССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы (1988-ж.), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1999-жыл), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2004-жыл), Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы (2011-ж.), “Интернационалист жоокерге Ооган элинин атынан ыраазычылык” медалы (1988-ж.), “СССРдин Аскер Күчтөрүнө 70 жыл” юбилейлик медалы (1988-ж.), “Ооган согушунун ардагерине” эстелик ордени, “Каармандык үчүн” ордени, “Каармандыгы жана эрдиги үчүн” медалы, “Локалдуу чыр-чатактардын катышуучусуна” медалы, “Советтик аскерлердин Ооганстан Республикасынан чыгарылганына 15 жыл” эстелик медалы, “Согуш аракеттеринин ардагери” (2005-ж.), “Каармандыгы үчүн” медалы (2005-ж.), “Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 20 жыл” (ОФ), “Жоокердик эрдик” 2-даражадагы төш белгиси (2010-ж.), “Ата Мекенге кызматы үчүн” ордени (2010-ж. ОФ), “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы (2012-ж. ОФ “Жоокердик боордоштук” (АОКУ), “Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн” медалы (2013-ж.), “Жоокердик боордоштук” Ардагерлердин бүткүл Орусиялык коомдук уюмунун (АОКУ) Ардак белгиси (2013-ж., ОФ) ж.б.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Кесиптик бирликтер жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
2-окуу
Каттоо номери : Номери: 6-12058/19
Күнү: 27.05.2019
«Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9620/17
Күнү: 27.04.2017
«Электрондук кол тамга жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9617/17
Күнү: 27.04.2017
«Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-8084/17
Күнү: 11.04.2017
«Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-17074/16
Күнү: 22.06.2016
«Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-17014/16
Күнү: 22.06.2016
«Электр энергетикасы жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынган жок
Каттоо номери : Номери: 6-9855/16
Күнү: 13.04.2016
Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-22271
Күнү: 24.09.2012