Сабиров Максат Эсенович

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети
49
Жыйынга келген жок
1230
Добуш
42
Демилге

Баруу статистикасы

25
Келди
2
Жок болду
39
Келди
20
Жок болду
35
Келди
18
Жок болду
11
Келди
9
Жок болду

Таржымал

Туулган жылы: 17-октябрь 1967 жыл Туулган жери: Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районунун Маман айылы Никеси бар, беш балалуу 1986-1988 ж. ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Жогорку билимдүү 1992-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Искусство Институту; 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетин бүтүргөн. «Укук таануу» адистиги; 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы Кызматтык тажрыйбасы: 1992-1995 ж. ж. № 5 балдар музыкалык мектебинде директордун орун басары 1995-1997-ж. ж. «Юта» жеке фирмасынын коммерция жаатындагы директордун орун басары 1997-2000 ж. ж. жеке ишкер 2000-2003 ж. ж. «Асфальтобетон» ААКнын коммерциялык директору 2003-2005 ж. ж. «Эл аралык Манас аэропорту» ААКнын Ош филиалынын материалдык-техникалык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы 2005-2008-ж. ж. «Эл аралык Манас Аэропорту» ААКнын материалдык-техникалык камсыздандыруу жана каттоо кызматынын башчысынын орун басары 2008-2010-ж. ж. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» Мамлекеттик Ишканасынын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы 2010-2015 ж.ж. «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган; 2013-2014 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» парламенттик фракциясынын Лидеринин орун басары 2014-2015 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» парламенттик фракциясынын Лидери 2015-жылдын октябрь айы «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган Сыйлыктары жана наамдары: Кыргыз Республикасынын "Даңк" медали, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, «Честь и мужество» Ордени, «Содружество» Ордени, «МПА СНГ. 20 лет» Медалы, Парламент Аралык Ассамблеясынын Ардак грамотасы, «Ысык-Көл областынын ардактуу атуулу», «Ак-Суу районунун ардактуу атуулу» наамы. Андан тышкаркы маалымат: - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламент Аралык Ассамблеясынын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын Төрагасы; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү. - Ысык-Көл областындагы «Жаңы муун» коомдук бирикмесинин Ак-Суу району боюнча координатору; - «Хан Тенгри Ак-Суу» коомдук бирикмесинин мүчөсү; - Бишкек шаарындагы будо-каратэ федерациясынын жетекчиси; - «Кыргыз Республикасынын Гандбол федерациясы» Коомдук уюмунун Президенти.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9620/17
Күнү: 27.04.2017
«Электрондук кол тамга жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9617/17
Күнү: 27.04.2017
«Сот сакчылары жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-13067/16
Күнү: 19.05.2016
«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9604/16
Күнү: 12.04.2016
7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 15302
Күнү: 30.06.2011