Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети
23
Жыйынга келген жок
1439
Добуш
27
Демилге

Баруу статистикасы

21
Келди
6
Жок болду
49
Келди
10
Жок болду
47
Келди
6
Жок болду
19
Келди
1
Жок болду

Таржымал

1972-жылдын 24-сентябрында Ош областынын Ноокат районундагы Шанкол айылында туулган. Жогорку билимдүү. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика факультетин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн, 2018 – жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны бүтүрүп, «Эл аралык мамилелер» адистигине ээ болгон. А.Сулайманов эмгек жолун 1989-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы “Ленинизм” колхозунда жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1992-жылдан 1997-жылга чейин Ош облусунун Ноокат районундагы “Шанкол” колхозунда жумушчу болуп эмгектенген. 1997-1999-жылдары “Монолит-Ош” ишканасынын филиалында инспектор болуп иштеген. Ал эми 1999-жылы “Алтын Темир” корпорациясынын директорунун орун басары кызмат ордуна дайындалган. 2001-жылдын май айынан сентябрь айына чейин “Темир” мамлекеттик ишканасынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы инспектору болуп эмгектенген. 2001-2007-жылдары “Темир” мамлекеттик ишканасынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн директору. 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылыштагы депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. 2010-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты. 2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, ал эми 2012-2013-жылдары “Республика” фракциясынын лидери. 2015-жылдын 4-октябрында “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган, “Бир Бол” фракциясынын лидери. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2009-ж.), КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын (2010-ж.) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары (2010-ж.) менен сыйланган. 2017-ж Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик «Достук» ордени менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынган жок
Каттоо номери : Номери: 6-13290/16
Күнү: 23.05.2016
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын статусу жөнүндө
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-9628/15
Күнү: 10.04.2015
Автомобиль транспорту жөнүндө
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 16633
Күнү: 21.06.2012
Лотереялар жөнүндө
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 11584
Күнү: 08.10.2008