Сулейманов Бахадыр Искакович

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети
13
Жыйынга келген жок
1506
Добуш
22
Демилге

Баруу статистикасы

25
Келди
2
Жок болду
52
Келди
7
Жок болду
50
Келди
3
Жок болду
19
Келди
1
Жок болду

Таржымал

1963-жылдын 4-майында Казакстан Республикасынын Жамбул областындагы Жалпак-Төбө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1985-жылы Новосибирь институтун “Коомдук тамак-аштын технологиясы жана уюштуруу” адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридика факультетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1985-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров райкерекжаракбирлигинин Киров нан-булочка комбинатынын өндүрүш башчысы болуп иштөө менен баштаган. 1986-1989-жылдары Киров райкерекжаракбирлигинин Киров коомдук тамактануу бирикмесинин өндүрүш башчысы болуп эмгектенген. 1989-1991-жылдары Чүй областынын Кант райкерекжаракбирлигинин директорунун орун басары, 1991-2001-жылдары Чүй областынын Кант дүң-чекене жашылча-жемиш даярдоо кеңсесинин директору болуп иштеген. 2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, 2003-жылы болсо аталган комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүндө иштеген. 1996-2000-жылдары Кант райондук эл депутаттар кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2011-2015-жылдары “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган. КЭР, ГФР, АКШ, Канада жана Япония менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык достук тобунун курамында КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын социалдык саясат жана адам укугу боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү болгон. 2013-жылдан тартып “Кыргызстан дунгандар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин башкармасыны төрагасы, Кыргызстан элдери ассамблеясынын президиум кеңешинин мүчөсү; 2015-жылдын 4-октябырында “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын мөчөсү. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. III- класстагы мамлекеттик кеңешчи класстык ченине ээ. Алган сыйлыктары: - Кыргызстан элдери ассамблеясынын 20 жылдыгынын урматына “Кыргызстан элдеринин тынчтыгын, ынтымагын жана биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн” медалы; - Орусия Федерациясынын мамлекеттик резервдер боюнча Федералдык агенттигинин “Мамлекеттик резервдерге 75 жыл” медалы. - СССРдин эл артисти Хусейн Мухтаров атындагы эл аралык фонддун “Кыргыз Республикасынын алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн алтын медалы; - Афганистан согушунун ардагерлеринин Республикалык кеңешинин “Афганистандагы согуштун ардагерлер Кеңешине 20 жыл” медалы; - “КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жана анын органдарынын ишине активдүү катышкандыгы, эл аралык достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн” КМШ ПААнын Ардак грамотасы; - “Парламенттик кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” КМШ ПАА достугу” ордени менен сыйланган.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Жеке медициналык ишмердүүлүк жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-2434/19
Күнү: 05.02.2019
«Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-8084/17
Күнү: 11.04.2017
«Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-28354/16
Күнү: 28.11.2016
Керек-жарак кооперативи жөнүндө
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-17979/13
Күнү: 09.07.2013
Камкордук кеңештери жөнүндө
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-19028
Күнү: 23.07.2012