Абдылдаев Мыктыбек Юсупович

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети
39
Жыйынга келген жок
1305
Добуш
23
Демилге

Баруу статистикасы

18
Келди
9
Жок болду
45
Келди
14
Жок болду
40
Келди
14
Жок болду
18
Келди
2
Жок болду

Таржымал

1953-жылы 17-августа Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында тѳрѳлгѳн. Жогорку билимдүү. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1988-жылы Москва шаарындагы СССРдин Ички иштер министрлигинин Академиясын бүтүргөн; Эмгек жолун 1970-жылы Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдун токарлыгынан баштаган; 1971-1976-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти; 1976–1978-жылдары – Фрунзедеги Советтик соода техникумунун комсомол комитетинин катчысы; 1978-1982-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнин уюштуруу бѳлүмүнүн инструктору, бѳлүмдүн жетекчисинин орун басары; 1982–1983-жылдары – Кыргызстан комсомолунун Ысык-Көл облустук комитетинин катчысы; 1983-1986-жылдары – Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин Ички иштер башкармасынын Саясий бөлүмүнүн башчысы; 1986-1988-жылдары Москва шаарында СССРдин Ички иштер министрлигинин Академиясынын күндүзгү бөлүмүндө окуган; 1989-1990 - жылдары Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары; 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаттыгына шайланып, парламенттин туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болгон; 1991-жылдын ноябрь айынан тартып 1994-жылдын ноябрь айына чейин – Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармасынын башчысы; 1994-жылдын ноябрынан 1997-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; 1997-жылдын март айынан 2001-жылдын январь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген; 2001-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болгон; 2002-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн Башчысына дайындалган; 2002–2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп иштеген. 2005-жылдын 25 мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган; 2006-2007-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси; 2010-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты; 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Торагасынын орун басары, 2012-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрѳшүү боюнча комитетинин тѳрагасы; 2012-2014-жылдары Жогорку Кеңештин «Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидери, ошол эле мезгилде парламенттеги азчылык коалициясынын лидери; 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин кандидаты; Мамлекеттик кызматтын I класстагы мамлекеттик кенешчиси, Юстициянын II класстагы мамлекеттик кенешчиси, Милициянын генерал-лейтенанты; Кыргыз Республикасынын I даражадагы «Күжүрмѳн кызмат ѳтѳгѳндүгү үчүн» медалы; КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Содружество» ордени; Кыргыз Республикасынын III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө («Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Муниципалдык кызмат жөнүндө» КР Мыйзамдарына)
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-28059
Күнү: 29.11.2012