1956 жылы 9-майда Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун, Чолок-Арык айылында туулган.
1979-1984 жылдары Москва шаарындагы Бүткүл союздук тамак-аш өнөр жай институтун аяктап, экономист кесибин алган.
-1995-1998 жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин аяктап “Юриспруденция” адистигин алган.
-1975 -1977 жылдары Мурманск шаарында, Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн,улук сержант наамына ээ.
-1978-1981 жылдары Панфилов районуна караштуу, Панфилов айылынын колхозунда комсомол уюмунун катчысы болуп эмгектенип баштаган;
-1982-1987 жылдары Панфилов районуна караштуу Каинды даярдоо конторасында товаровед, директордун орун басары болуп эмгектенген;
1987-май айынан октябрь айына чейин Панфилов райондук партиялык комитетинин (райком партия) - уюштуруу бөлүмүндө инструктор болуп эмгектенген;
-1987-1990 жылдары Панфилов райондук Чалдовар айылында райондук керек-жарак союзунун - Төрагасы кызматын аркалаган;
-1990-1995 жылдары Панфилов районуна караштуу Каинды даярдоо канторасында –директорлук кызматта иштеген;
-1995-1998 жылдары Бишкек шаарындагы Ала-Арча базарынын «Ош базарында» -Генералдык директор кызматын аркалаган;
-1998-2012 жылдары ЖЧК «Артель О» фирмасында –директор болуп эмгектенген;
- 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде депутаттын жардамчысы болуп кызмат кылган;
- 2012-2015 жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик Салык кызматынын башкармалыгында начальниктин орун басары болуп иштеген.
2018- жылдын июнь айынан баштап «Кыргызстан» саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
Үй-бүлөлүү , 4 баланын атасы