1972-жылдын 25-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.
Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин “Автомобиль жана автомобилдик чарба” адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын магистратурасын “менеджмент” адистиги боюнча аяктаган.
2008-2010-жылдары Ош областындагы Миграция жана жумуштуулук боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген.
2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин Ош областтык башкармалыгынын начальниги болгон.
2012-жылдан 2013-жылдын сентябрына чейин КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Түштүк боюнча координатору, миграциялык саясат башкармасында бөлүмдүн начальниги кызматын аркалаган.
2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Мамлекеттик кызматтын 2 класстагы кеңешчиси.