Туманбаева Рада Мураталыевна

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети
26
Жыйынга келген жок
1527
Добуш
35
Демилге

Баруу статистикасы

24
Келди
3
Жок болду
50
Келди
9
Жок болду
46
Келди
7
Жок болду
13
Келди
7
Жок болду

Таржымал

1970-жылдын 5-майында Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1992-жылы Фрунзе политехникалык институтун «технолог» адистиги, 2013-жылы Ош технологиялык универститетин «экономист» адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1992-жылы Шамалды-Сай отун-ашырып өтүү базасындагы «Урмат» МЖКда кадрлар бөлүмүнүн инспектору кызматынан баштаган. 1993-1998-жылдары Таш-Көмүр нан зоводунда технолог болуп иштеген. 1998-2002-жылдары – инженер, андан кийин Ош технологиялык университетинде «Азык-түлүк технологиясы» кафедрасынын мугалими. 2002-2003-жылдары - КРнын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жаратылышты коргоо республикалык фондунун Киреше жана анализ бөлүмүнүн башкы адиси. 2004-2010-жж. – «Этникалык азчылыктын жана чет өлкөлүк жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча борбор» КФнын ыкчам байланыш корпоративинин координатору. 2010-2011-жылдары – «Радиус-Түштүк» ЖЧКын директору. 2011-2012-жж. - «Алик Транс» ЖЧКнын директорунун орун басары. 2012-2014-жылдары – «Бай Транс» ЖЧКнын директорунун орун басары. 2014-2015-жж. – «Аргымак Карго» ЖЧКнын директору. 2015-жылдын октябрынан ушул кезге чейин «Республика - Ата Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты. 2015-жылдын ноябрынан тартып – КРнын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү. Үй-бүлөлүү, эки баланын апасы.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Балдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодекси
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-25792/19
Күнү: 05.12.2019
«Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-17074/16
Күнү: 22.06.2016
«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9604/16
Күнү: 12.04.2016