1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1983 – жылы Кыргызмамлекеттик университетин бүтүргөн. 1985–1988-жылдары Кыргыз илимдеракадемиясынын аспирантурасында окуган. 1988-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты наамын алган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштериинистрлигинин алдындагы
Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен бүтүргөн.Эмгек жолун 1983-жылы «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган.
1989-1992-жылдары - КУМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары;
1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү;
1995-1997-жылдары – Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы ТИКАнын Кыргызстан боюнча адиси; “Манас-1000” мамлекеттик комитетинин алдындагы “Манас дастаны” филиалынын директору; Түркия боюнча “Азаттык” радиосунун кабарчысы.
1997-жылдан 2010-жылга чейин: - “Акун” ЖАКтын башкы директору; - “Бишкек ун комбинаты” ААКнын башкы директору - «Кереге» ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы - Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти - Кыргыз – түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы.
2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Көпчүлүк коалициясынын жетекчиси;
2016-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Алган сыйлыктары: • 1999-жылы “Жылдын мыкты бизнесмени” наамын жеңип алган; • 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган; • 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.
Кошумча маалымат: • Филология илимдеринин кандидаты; • Пицундада өткөн (1989) Жаш акындардын Бүткүл Союздук XIV фестивалынын лауреаты. • СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер Союздарынын мүчөсү. • Ч.Айтматов Академиясынын академиги. • «Жүрөктөгү жаңырык» (1985), «Шаарда жоголгон сөз» (1993), «Жалын тоо» (2014) деген үч поэтикалык жыйнактын автору. • «Манас» эпосу боюнча үч тилде чыккан түстүү альбомдун түзүүчүсү жана котормочусу. • Түрк тилинен кыргызчага Нихат Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын жана, «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» аттуу эки томдукту которгон. • Мезгилдүү басма сөздө ар түрдүү адабий жана сын макалалары жарык көргөн.