1964-жылы 6-апрелде Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Жогорку билимдүү.
1981-1987-жж. Ленинград шаарындагы Д.Ф.Устинов атындагы механика институту, механика факультети, инженер-механик
1990-1995-жж. Д.Ф.Устинов атындагы “Военмех” Балтика мамлекеттик техникалык университети, аспирантура, инженер-изилдөөчү
2000-2002-жж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы, мамлекеттик башкаруу факультети - Мамлекеттик башкаруу магистри
Эмгек жолу
1986-1995-жж. В.И.Ленин атындагы завод
мастер, улук мастер, комсомол комитетинин секретарынын орун басары, комсомол комитетинин секретары, Фрунзе штамптоо заводунун директорунун орун басары, Станок куруу заводунун тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы
1996-1997-жж. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун нефти продуктулары менен камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы
Башкармалыктын жетекчисинин орун басары
1998-2002-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду
бөлүм башчысы, башкармалыктын башчысы, директордун орун басары
2006-2010-жж.Бишкек шаарынын мэриясы
Экономика жана инвестициялык иштер департаментинин директору
Экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы
2012-2014-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы
2015-ж. “Бир Бол” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
2018-жылдан тартып “Бир Бол” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Техника илимдеринин кандидаты (Санкт-Петербург ш.)
Мамлекеттик башкаруу магистри (Бишкек ш.)
II класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси
I класстагы муниципалдык кызматтын кеңешчиси
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жайынын отличниги
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы
Бишкек шаарынын Мэриясынын Ардак грамотасы