1975-жылы 3-январда Нарын областына караштуу Жумгал айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Экономика» багыты боюнча бүтүргөн.
2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде «Юриспруденция» тармагында кошумча жогорку билимге ээ болгон.
2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын аспирантурасын «Атуулдук жана үй-бүлөлүк укук, кичи жече менчик ишканалар» багыты боюнча бүтүргөн.
2015-жылы Кыргыз техникалык университетинин «Энергокамсыздоо»
Эмгек ишмердигин 1996-1998-жылдары «Эмгекчил» акционердик коомунунда баштаган.
1999-2010 ж. «Строй-Арсенал» жана «Эмгекчил» ишканаларынын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп эмгектенген.
2010-2013-жылдары «Чыгыш электро» акционердик коомунун башкы директору болуп иштеген.
2013-2015-жылдары коомдук ишмер болуп иштеген.
2015-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты.
Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.