Мен, Чойбеков Руслан Нуркалиевич, Кыргыз Республикасынын Ыссык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында 1979-жылы туулгам. Улутум – кыргыз, билимим – жогорку, Жусуп Баласагын атындагыт Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктагам. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасымын.
1986-жылдан 1996-жылга чейин Балыкчы шаарындагы №5 орто мектепте окугам.
1996-жылдан 2001-жылга чейин Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктагам.
2001-жылдан 2013-жылга чейин жеке ишкерлик жана “Альфа Юсис” ЖЧК юридикалык компаниясынын Башкы директорунун кеӊешчиси болуп коомдук иштер менен алектендим.
Андан кийин 2014-жылдан 2018-жылдын 13-апрелине чейин “КПФ Касиет” ЖЧК нун Башкы директору болуп иштедим.
2018-жылдын 18-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VI-чакырылышынын “Кыргызстан” депутаттык фракциясынын депутаттык мандатын алдым.