Шайназаров Тынчтык Урайимович

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети
42
Жыйынга келген жок
1319
Добуш
23
Демилге

Баруу статистикасы

17
Келди
10
Жок болду
44
Келди
15
Жок болду
43
Келди
10
Жок болду
13
Келди
7
Жок болду

Таржымал

ШАЙНАЗАРОВ ТЫНЧТЫК УРАЙИМОВИЧ Шайназаров Тынчтык Урайимович, 1974-жылы Ош облусунун Карасуу районунда туулган. Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетин 1996-жылы бүтүрүп, ушул эле жылы Ош областынын Чоң-Алай районунун прокуратура органында мөөнөткер-тергөөчү катарында эмгек жолун баштаган. Прокуратура тутумунда 15-жыл эмгектенип, алардын ичинде -тергөөчү, кылмыштарды изилдөө үчүн көзөмөл боюнча бөлүмүндөрүн жетектеп, 2009-жылы Жалалабат шаарынын прокурордук кызматына дайындалган. Прокуратура органдарында көп жылдар иштөө менен ээ болгон чоң тажрыйбасы ага өзүнүн иш-милдеттерин сапаттуу, ыкчам жана жемиштүү натыйжа менен аткарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берген. 2010-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган жана 2010-жылдын декабрь айынан 2012-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланып, 2012-жылдын феврал айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан шайланган. Т.У.Шайназаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин курамында 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мүчө болуп, үзүрлүү иш алып келүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын тең төрагасы болуп 2015-жылы шайланган. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жарандарды жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу маселелерин иликтөө боюнча ЖКнын убактылуу депутаттык комиссиясын жетектеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде иштеген мезгилде Т.У.Шайназаров мыйзамдуулукту чыңдоого, адам жана жаран укугун коргоого, ошондой эле кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошту.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-8084/17
Күнү: 11.04.2017
«Сот сакчылары жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-13067/16
Күнү: 19.05.2016
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-13564/15
Күнү: 19.05.2015
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-31973/14
Күнү: 29.12.2014
Кыргыз Республикасынын Жазык жөнүндө кодекси
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-31972/14
Күнү: 29.12.2014
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-31963/14
Күнү: 29.12.2014
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-31961/14
Күнү: 29.12.2014
Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө
Кабыл алынган жок
Каттоо номери : Номери: 6-23728/13
Күнү: 09.10.2013
Борбордун статусу жөнүндө
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-24659
Күнү: 22.10.2012
Ош шаарынын макамы жөнүндө
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6946
Күнү: 20.03.2012
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 10316
Күнү: 17.05.2011