Шарапов Закир Эшматович

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети
5
Жыйынга келген жок
656
Добуш
4
Демилге

Баруу статистикасы

7
Келди
0
Жок болду
49
Келди
4
Жок болду
19
Келди
1
Жок болду

Таржымал

Шарапов Закир Эшматович 1965-жылы 18-апрелде Баткен областынын Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында туулган. Билими жогорку. 1990-жылы Кыргыз К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган. 1997-жылы «Юриспруденция» адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук унивиерситетин бүтүргөн. «2-класстагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини бар. Эмгек жолун 1982-жылы Хайдаркан 243-ПМКсында жумушчу болуп баштаган. 1983-1985-жылдары Советтик армиянын катарында Владивосток аскер-деңиз флотунун десанттык ротасында кызмат өтөгөн. 1985-1990-жж. – Кыргыз агрардык институтунда студент. 1990-жылдан 2000-жылга чейин «Кыргызагроснаб» («Кыргызайылкөмөк» АК) республикалык бирикмесинде Айыл чарба товарлары бөлүмүнүн инженери, Айыл чарба товарлары жана атайын кийимдер бөлүмүнүн башчысы, Пландаштыруу жана сатуу башкармалыгыгын башчысы болуп эмгектенген. 1996-жылы ушул мекеменин генералдык директорунун орун басары болуп дайындалган. 2000-жылы № 25 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган. 2007-2008-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жана атаандаштыкты өнүктүрүү Агенттигинин статс-секретары болуп иштеген. 2011-2012-жж. – Юстиция министрлигинин нотариат жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы. 2017-жылдын декабрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт» саясий партиясынан депутаты. 2001-ж. - «Кыргыз Республикасына 10 жыл» эстелик белгиси менен сыйланган. 2002-ж. – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 80-жылдык юбилейине карата чыгарылган юбилейлик медаль менен сыйланган. 2004-ж. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгынын алкагында өткөрүлгөн кыргыздардын Дүйнөлүк экинчи Курултайынын делегаты болгон. 2009-ж. – «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган. 2010-ж. – Кыргыз Республикасынын «Ынтымак курултайынын» делегаты. 2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Ардак грамотасы» ыйгарылган. Үй-бүлөлүү. 2 кыз, 2 уулдун атасы, 2 неберенин таятасы.

Депутаттын демилгелери