1969-жылдын 10-мартында Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айлында туулган.
Жогорку билимдүү. 1994—2000- жылдары Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Укук факультетин юрист-укук таануучу адистиги боюнча бүтүргөн. 1983—1987-жылдары Фрунзе машина куруу техникумунун техник-технолог адистигин бүткөн.
2007—2009 жылдары Москвадагы сценаристтердин жана режиссерлордун жогорку курстарын бүткөн. (Владимир Хотиненко, Павел Финн, Владимир Фенченконун өнөрканасында окуган).
Эмгек жолун 1996—1998- жылдары «Ачекей»" жеке ишканасынын директорлугунан баштаган.
1994—1996-жылдары «Шер» өндүрүш-коммерциялык фирмасында юрист-консультант болгон.
2005 жылы – Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий абалды турукташтыруу боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү.
2006 жылы - Конституциялык Кенештин мүчөсү.
2004 — 2007 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары болуп дайындалган (кызматтан өз каалоосу менен кеткен).
1998 - 2004 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам Чыгаруу Палатасынын депутаттын жардамчысы.
2010-жылы Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө караштуу Консультативдик кеңештин, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин астындагы Консультативдик кенештин мүчөсү болгон.
2010 жылы – Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри кызматын аркалаган.
2012 – 2013-жылдары «Замандаш-Современник» саясий партиясынын тең төрагасы болгон.
2015-жылдын 4-октябрында “Ата Мекен” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үч баланын атасы.
Садык Шер-Нияз - кинорежиссёр, «Айтыш» коомдук фондунун, "Калемгер" адабий клубунун, "Айтыш Фильм" киностудиясынын, «Кыргызстан – кыскаметраждык фильмдердин өлкөсү» эл аралык кинофестивальдын негиздөөчүсү, «Ак-Илбирс» кино сыйлыктын бирден бир негиздөөчүсү, Кыргызстан Кинематографисттер Союзунун Төрагасы.
2001-жылы, «Айтыш» коомдук фондун, 2004-жылы "Калемгер" адабий клубун, 2006- жылы "Айтыш Фильм" киностудиясын, 2011- жылы «Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» аттуу фестивалын, 2015 ж.- Эл аралык Азия өлкөлөрүнүн «Asian Word Film Festival»кинофестивалын, негиздеген.
«Кыргызстан маданияты» газетинин редколегиясында, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзуна, Кыргыз Республикасынын маданий ишмерлердин ассамблеясына мүчө.
Чыгармачылык ишмердүүлүгү:
-Режиссер, сценарист, кыргыз фильмдеринин жана Кыргызстан-Россия биргелешип тарткан фильмдердеринин продюсери.
-«Актаңдайлар» китебинин авторлошу.
Тарткан тасмалары (режиссер):
- «Курманжан Датка» Тарыхий көркөм тасмасы - 2014.
- «Аян» 10 мин. Көркөм фильм, 2009.
- «Форс Мажор» 6 мин. Көркөм тасмасы, 2009.
- «Чынгыз өлбөс болсочу» 10 мин. Документалдуу фильм, 2008.
- «Биринчи кадр» 60 мин. Көркөм тасма, 2007.
Сценарийлери:
- «Аян» ж б. 10 мин. 2009.
- "Карусель" 15 мин. Ю.Чирковский, В.Шахкельдян. Көркөм фильм. Россия-Кыргызстан, 2009.
- "Струна" 15 мин. М.Ильина. Көркөм фильм. Россия-Кыргызстан, 2009.
- «Парз» 23 мин. 2007 (авторлошу Т.Бирназаров).
- «Биринчи кадр» 60 мин. 2007 (авторлошу М. Алыкулов).
- «Гүл» 4 мин. Анимациялык фильм, 2007.
Сыйлыктары:
- 2015 ж. - «Даңк» медалынын ээси;
- 2011 ж. – Маданиятка Эмгек Сиңирген ишмери;
- 2006 ж. – Президенттин Ардак Грамотасы;
- 2006 ж.- Мамлекеттик Кеңешчинин 3 классттагы ченине ээ;
- 2004 ж. – ЮНЕСКОнун генералдык директору Коитиро Мацууронун маданиятка кошкон салымга өзгөчө алкышы жарыялаган.