1969-жылы 21-октябрда Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1995-жылы Бишкек гуманитардык университетинин Орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, юридикалык билимге ээ болгон. 2013-жылы Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат боюнча академиясын "мамлекеттик кызмат жана кадр саясаты" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1999-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда сот аткаруучу кызматынан баштаган.
2002-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча башкы башкармалыгынын жерге жайгаштыруу боюнча бөлүмүнө башкы адиси болуп иштеген.
2003-2004-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иштеген.
2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Аппаратынын Граждандык иштер боюнча бөлүмүнө улук консультант кызматына которулган.
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикеринин жардамчысы болуп иштеген.
2010-жылдын июлунда КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына дайындалган.
2011-жылдын мартынан 2011-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.
2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин Кыргыз Республикасынын юстиция минстри кызматын ээлеген.
2015-жылдын 4-октябрында "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Респубикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик курулуш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси
2010-жылы КР Президентинин Жарлыгы менен "Даңк" медалы менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, 3 уул-кыздын атасы.