1969-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби боюнча машыктыруучу. Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1991-жылы Жалал-Абад шаарындагы №3 Р. Санатбаев атындагы балдардын спорттук мектебинде машыктыруучу болуп баштаган.
1996-2004-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген;
2004-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган;
2011-2012-жылдары Р.Санатбаев атындагы спорттук балдар мектебинин директору болуп эмгектенген;
2012-2015-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеп келген.
2009-жылдан бери Жалал-Абад облустук грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти. СССРдин спорт чебери, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. КР билим берүүсүнүн отличниги.
2011-жылы КР билим берүү министрлигинин Ардак Грамотасы, 2013-жылы Ыраазычыдык Каты менен сыйланган.
2016-жылдын июнунда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.