1970-жылы 19-майда Нарын облусунун Ат-Башы райоундагы Кара-Суу айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган
1993-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Эмгек жолу
• 1993-жыл — "АусБлат" казак-немис биргелешкен ишканасында эмгектенген
• 1994-жыл Арак заводун курууну жетектеген
• 1995-жыл - Казакстан Республикасынын аймагында жайгашкан «Геом» жоопкерчилиги чектелген коомунун маркетинг жана сатуу бөлүмүнүн жетекчиси
• 2001-2002-жылдары — "А-вест"компаниясынын (Philip Morris компаниясынын расмий дистрибьютору) маркетинг жана сатуу бөлүмүн жетектеген
• 2003-2005-жылдары - "Арвин" ЖЧКсынын өндүрүмдөрүн сатуу боюнча ишкананын жетекчиси
• 2005-2008-жылдары — "ОККО" ААКы башкармалыгынын төрагасы
• 2008-2010-жылдары — Кыргыз агро өнөр-жай корпорациясынын Башкы директору
• 2011-жылдын июнунда «Республика» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеӊештин V чакырылышына депутат болуп шайланган.
• 2011-жылдын ноябрында КР Күрөш Федерациясынын Президенти болуп шайланган
• 2015-жылдын майында Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпияда Комитетинин Президентине шайланган
• «Аю Холдинг» ири көп профилдүү компаниянын негиздөөчүсү.
Коомдук иштери
• 2013-жылдан баштап «Билимкана» мектебинин Камкорчулук кеӊешинин мүчөсү
• 2013-жылы «Кыргызстан» Саясий партиясын негиздеген.
Сыйлыктары
• 2015-жылы КР КМШнын уюшулганынын 20 жылдык маарекелик медалы менен сыйланган .
• Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.