1960 – жылы 22—декабрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1979-1981-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1987-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Айыл чарба механизация» факультетин бүтүргөн.
Иш тажрыйбасы:
1978-1979 - Нарын облустук бириктирилген ооруканасында “Электрик” кызматы;
1979-1981 – Советтик армиянын катарында кызмат;
1987-1988 – Фрунзе ондоо механикалык заводунда“Механик”;
1988-1990 – ОТК “ контролер-инженер”;
1990-1996 – Тянь-Шань МПМК-2 “ Башкы механик”;
1996-1999 –“Хан-Тенгри Достук” СПда “Эл аралык бөлүмдүн экспедитору”;
1999-2007 –“Адек” ЖЧК нун жана “Камкор” АКда “Башкы директор”;
2007-2009 - “Асман-ТСШ” ЖЧКсында “Башкы директордун орун басары”;
2009 – июнь 2020 – “Камкор” АКда “Директор”.
2020 -жылдын 10-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты болуп кызматтанууда.
Кошумча: Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы (2002-жыл)
Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы