Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети
0
Жыйынга келген жок
0
Добуш
4
Демилге

Баруу статистикасы

Таржымал

Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович, 1973-жылдын 15-августунда Фрунзе шаарында туулган. 1990-жылы Нарын областынын Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында орто мектепти аяктаган. 1990-1995-жылдары- Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин экономика факультетинин “экономист” адистигине ээ болгон. 2011-2014-жылдары- Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция факультетин “юрист” адистиги боюнча аяктаган. 1995-2002-жылдары- жеке ишкер. 2002- 2006-жылдары - “Асейин” өндүрүштүк-коммерциялык фирма- директордун орун басары. 2006-2007-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши- депутаттын жардамчысы. 2008-2010-жылдары – “Спорт биримдиги” спортту өнүктүрүү коомдук фонду- директор. 2010ж- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына «Ата Мекен» социалиститтик партиясынан талапкер катары шайлоого катышкан. 2010-2011-жылдары – “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы- директордун орун басары. 2011-2012-жылдары – “Чакан ГЭС” ААК- башкы директордун орун басары. 2012- 2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги- министрдин орун басары (КР ӨКМ аскер блогун жетектеген). 2015-жылдын июлунан баштап 2015-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына «Ата Мекен» социалиститтик партиясынан талапкер катары шайлоого катышкан. 2015- 2016- жылдары- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги- министрдин орун басары (КР ӨКМ аскер блогун жетектеген). 2017-жылдын ноябрынан баштап 2018-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши- «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин кеӊешчиси. 2018-жылдын мартынан баштап 2019-декабр айына чейин- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши- «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын катчылыгынын башчысы. 2019-жылдын декабрь айынан тарта "Ата Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы (КРӨ 2014.09.17 №397-р тескемеси). Кыргыз Республикасынын Куралдуу кучторүнүн Башкы штабы, “Аскердик кызматы үчүн” медалы. КР ИИМинин “Өз ара аракеттенүү жана кызматташуу ШЕРИКТЕШ” медалы. КР ӨКМинин “Каарман” медалы. Нарын шаардык Кеңешинин токтому № 6/5 “Ардактуу атуул” наамы. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеӊешчиси. Үй-бүлөлүү,4 баланын атасы.

Депутаттын демилгелери