1960–жылдын 19- февралда Ош облусунун Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылында туулган.
Жогору билимдүү. 1986-жылы Фрунзе шаарындагы Фрунзе политехникалык институтунун Өндүрүш жана граждандык курулуш факультетин бүтүргөн.
2011–жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун бүтүрүп, юрист адистигин алган.
Эмгек жолун 1980- жылы Нарын ГЭСинде, «Киргизглавэнерго» ишканасында (Күрпсай, Токтогул ГЭСтеринде) баштаган.
1986-1991-жылдары CССР түстүү металдар министрлигине караштуу Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводунда инженер, өндүрүш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1991-1995–жылдары Каракөл шаарындагы «Скорпион» жол курулуш фирмасынын директору болуп иштеген.
1995-2001–жылдары Кыргыз-белорус биргелешкен «Неман» аттуу компанияны жетектеген.
2001-2004 – жылдары – «Неман-Холдинг» ЖЧКнын башкы директору болгон.
2005-2007–жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыболуп шайланган.
2007-2009–жылдары Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча IVчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2010-2011–жылдары Кыргыз Республикасынын Энергетика министри;
2011 - 2012–жылдары «Кыргызалтын» ААКнун башкарманын төрагасы;
2012-2013–жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри;
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы
2009–жылы экономика илимдери боюнча кандидаттыгын жактаган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» деген наамга ээ.
«ДАҢК» медалы менен сыйланган.