Кенжебаев Байгазы Бобунович

Бюджет жана финансы боюнча комитети
0
Жыйынга келген жок
0
Добуш
0
Демилге

Баруу статистикасы

Таржымал

1975-жылы 25-октябрда Талас облусунун Ак-Сай айылында төрөлгөн. 1994-жылы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык Олимпиадалык Резерв окуу жайын аяктаган. 2007-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономика факультетин бүткөн. 2011-жылы Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт Академиясын аяктаган. Эмгек жолун 1995-жылы Республикалык олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр күрөш спорт мектебинде эркин күрөш боюнча окутуучу- машыктыруучу болуп баштаган. 2004-2008-жылдары Республикалык олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр күрөш спорт мектебинде эркин күрөш боюнча окутуучу- машыктыруучу болгон. 2008-2009 Республикалык олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр күрөш спорт мектебинде окуу-машыгуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын эркин курош боюнча улуттук командасынын ага машыктуручусу болгон. 2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Окмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик Агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген. 2012-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Окмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик Агенттигинин директору болуп кызмат өтөгөн. 2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын вице-президенти. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын жылдын мыкты машыктыруучусу болгон. Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону. 1991-жылы уландардын СССР биринчилигинин жеңүүчүсү болгон. 1992-жылы Шериктеш өлкөлөрдүн эркин күрөш боюнча биринчилигинде күмүш медаль уткан. 2017-жылдан баштап Кыргыз Республикасын кыздар күрөшүнүн ага машыктруучусу. 2020-жылдын 31-августунан Кыргыз Республикасын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген машыктыруучу.