Эсенаманов Замирбек Садыбакасович

Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети
0
Жыйынга келген жок
0
Добуш
0
Демилге

Баруу статистикасы

Таржымал

Туулган күнү: 1953-жылдын 6-февралында Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды айылында туулган. Жогорку билимдүү: 1981 - Фрунзе политехникалык институтунун технология факультети. Эмгек жолу: 1972-1975 Советтик Армиянын катарында Кара деңиз флотунда кызмат өтөгөн; 1976 Кайынды кант заводунда жумушчу; 1981-1987 Кайынды эт комбинатында технолог, МЖКнын жетекчиси, башкы инженер; 1987-1991 Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинде инструктор болуп эмгектенген; 1991 Малды бордоп семиртип жана кайра иштетүүчү «Тунгуч» ассоциациясынын башкы директору; 1992-1993 Чүй облустук тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ассоциациясынын башкы директору, башкармалыктын башчысы; 1993-1997 "Кыргыз Тамак-Аш" концернинин эт комбинаты заводунун башкы директору; 1998-2002 ААК «Бишкек эт-консерва комбинатынын» башкы директору; 2002-2004 “Кыргызалко” мамлекеттик акционердик коомунун башкы директору, ошол эле учурда “Алкопром” мамлекеттик ишканасынын башкы директору; 2005-2007 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактардын экономикасын өнүктүрүү, ишкердик жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча комитетинин Төрагасы; 2008-2010 Жайыл райондук Мамлекеттик администрациянын башчысы; 12.10–12.11 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министри; 08.13-06.20 ААК «Бишкек эт-консерва комбинатынын» директорлор кеңешинин мүчөсү, коммерциялык директору; 2020-жылдын июнь айынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү. Үй-бүлөлүк абалы: Үй бүлөлүү, үч баланын атасы. Кошумча маалымат: 2001 - Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери; «Даңк» медалы менен сыйланган; 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.