Артыков Анвар Артыкович

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети
11
Жыйынга келген жок
1674
Добуш
6
Демилге

Баруу статистикасы

27
Келди
0
Жок болду
55
Келди
4
Жок болду
49
Келди
5
Жок болду
18
Келди
2
Жок болду

Таржымал

1951-жылы Ош облусунун Ош шаарында туулган. Билими жогорку. 1977-жылы Андижандагы (Өзбекстан) пахтачылык институтун “инженер- механик” адистиги боюнча бүтүргөн. 1989-1991-жылдары КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын угуучусу. Эмгек жолун 1966-жылы Кыргыз ССРинин Туракжай-коммуналдык чарба министрлигинин Оштогу кеңсесинде мехсантазалоочу жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1979-1981-жылдары Оштогу автобазада башкы инженер болуп иштеген. 1981-жылдан Ош регионалдык борборунда КАМАЗ автомашиналарын тейлөө жана запастык бөлүктөр менен камсыз кылуу боюнча директор, андан соң партиянын Жалал-Абад обкомунун экинчи катчысы, Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин иш башкаруучусу кывзматтарын аркалаган. 1990-2000-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 2004-2005-жылдары Бүткүл дүйнөлүк банктын энергетика тармагы боюнча долбоорунун директору болгон. 2005-жылы Ош облусунун эл депутаттар кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 2005-жылы Ош облусунун облусттук акиминин – губернаторунун милдетин аткарган. 2010-жылдын ноябрында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган. 2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демкратиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КР эмгек сиңирген экономисти.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынган жок
Каттоо номери : Номери: 6-10657/16
Күнү: 21.04.2016
Автомобиль транспорту жөнүндө
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 16633
Күнү: 21.06.2012
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Эмгек кодексине, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө», «Муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Cаясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 14546
Күнү: 06.06.2012
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 3195
Күнү: 10.02.2012
Коомдук тартипти камсыз кылууга жарандардын катышуусу жөнүндө
Жаңы
Каттоо номери : Номери: №11087
Күнү: 24.05.2011