Атазов Шайлообек Карыбекович

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети
0
Жыйынга келген жок
0
Добуш
0
Демилге

Баруу статистикасы

Таржымал

1979-жылы 28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Учар айылында туулган. Билими: жогорку. 1996-2001-жылдары Ош технологиялык университетинин "Юриспруденция" факультетинде окуган. 2014-2017-жылдары Ош мамлекеттик университетинин "Финансы жана кредит" факультетинде билим алган. Иш тажрыйбасы: 2007-жылы Спорт комитетине караштуу Ош шаарындагы №2 балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору; 2010-жылы Бокс жана оор атлетика боюнча мектебинин директору; 2011-жылы Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары дирекциясынын директору; 2012-жылы Ош шаарынын мэриясына караштуу "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысы; 2013-2014-жылдары Жүргүнчү транспорту агенттигинин директору; 2010-2012-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты; 2012-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты; 2018-жылдан бери Бишкек шаарынын "EREM" спорт клубунун башкы машыктыруучусу. Спорттогу жетишкендиктери: 2010, 2016, 2019-жылдары КР "Жылдын мыкты машыктыруучусу"; 2015-жылы "Дүйнөлүк кубоктун" күмүш медалынын ээси, WAKO РФ, Анапа шаары; 2008-жылы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги; 2006-жылы Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (WFK); 2005-жылы Ош облусунун "Жылдын мыкты спортчусу"; 2004-жылы “Азия чемпионатынын” күмүш медалынын ээси (WAKO); 2003-жылы Бокс боюнча КР Спартакиадасынын чемпиону; 2003-2008-жылдары "КРнын кикбоксинг боюнча VI жолку чемпиону"; 2000-2010-жылдары "Эл аралык турнирлердин чемпиону (Украина, Марокко, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Корея); 2005-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын көптөгөн эл аралык класс спорт чеберлерин тарбиялайт (бокс жана кикбоксинг боюнча). Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары: 2004-жылы Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы (С. Чырмашев); 2005-жылы Ош обладминистрациясынын Ардак грамотасы (А. Артыков); 2006-жылы Кара-Суу районунун "Жылдын адамы" (М. Жумабеков); 2006-2008-жылдары Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (Ж.Исаков); 2008-жылы Ош шаардык билим берүү жана илим башкармалыгынын Ардак грамотасы (А.Балтабаев); 2008-жылы КРП алдындагы FCiSport агенттигинин Ардак грамотасы (Б. Асанов); 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Дене тарбиясынын отличниги (No 321 буйрук); 2009-жылы КРП Дене тарбия жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (№ 85 буйрук) (А. Воинов); 2009-жылы Жаштар саясатынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ош обладминистрациясынын Ардак грамотасы (буйрук № 609) (М.Бакиров); 2010-жылы КРП алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (No212-0 буйрук) (А. Касенов); 2011-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Ардак грамотасы (Азирети Муфтий Чубак ажы Жалилов); 2012-жылы Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы № 304 буйругу (М. Мырзакматов); 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (К. Садыков); 2014-жылы Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы, №103 буйрук (У. Примов). Үй-бүлөлүү.