1959-жылдын 3-ноябрында Чүй облусуна караштуу Москва районунун Сретенка айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1982-жылы Воронеж Мамлекеттик Университетинин Филология факультетин бүтүргөн.
1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Экономика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1983-жылы Сокулук райондук керектөөчүлүк бирлигинин Сокулук даярдоо конторасында даярдоочу катары баштаган.
1984-1986-жылдары Сокулук районундагы «Народная трибуна» гезитинин редакциясында кабарчы болуп иштеген.
1986-1987-жылдары “Колхозная новь” гезитинин редактору болуп эмгектенген, Панфилов атындагы колхозунун мүчөсү болгон.
1987-1990-жылдары Кыргыз Телеграф Агенттигинин (КирТАГ) башкы редакциясында кабарчы болгон.
1990-1994-жылдары «Труд» гезитинин (Москва ш.) Кыргызстандагы өздүк кабарчысы.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматынын референти болуп дайындалган.
1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы болуп иштеген.
1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин Донорлорду координациялоо башкармалыгынын башчысы.
2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун жардамчысы.
2002-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестициаларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган.
2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестициаларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Банктрот иштери боюнча башкармалыгынын башчысы.
2006-2010-жылдары «Кыргызтелеком» ААКнун директорлор кеңешинин мүчөсү.
2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаментинин директору.
2014-2015-жылдары «Тазажан» ЖЧКнун коммерциялык директору.
2015-жылдын октябрында «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.
«КМШ ПАА. 25 жыл» медалы (2017-ж.), Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин «Экономиканын Отличниги» төш белгиси (2017-ж.) менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.