1958 жылы 19-сентябрда Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Таштак айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1975-жылы Сузак районунун Барпы айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин Жалал-Абад шаарындагы курулуш-монтаждоо башкармалыгында жумушчу болуп иштеген.
1976-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институтуна тапшырып, аталган окуу жайды 1981-жылы ийгиликтүү аяктаган.
1981-жылдан 1984-жылга чейин Жалал-Абадда ЛКСМда инструктор, андан кийин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.
1984-1988-жылдары «Кыргызсууканалда» прораб, бөлүм башчы ал эми 1988-жылы Фрунзе шаарындагы АК «Айылкурулуш»та сырткы-экономикалык байланыш бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген.
1992-жылы «Айылкурулуш» АКнун атынан Кыргызстандагы Турция элчилигинде техникалык жардам көрсөтүүгө жөнөтүлгөн. Куруу-монтаж иштери бүткөндөн кийин 1994-жылы август айынан баштап кайра мурунку кызмат ордуна которулган.
1996-жылы коллективдин жалпы чогулушунда «Айыл курулуш» АКда вице-президент болуп шайланган.
1998-жылы кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Жайыл районунун мамлекеттик администрациясында акимдин орун басары, 2002-2005 жылдары Чүй райондук администрациясында акимдин биринчи орун басары болуп эмгектенген жана өнөр-жай тармагында куратор болуп иштеген.
2005-жылы Президенттик аппаратта уюштуруу бөлүмүндө инспектор, 2007-жылы кадр маселеси боюнча жетекчинин кызматын аткарган.
2009-жылдан 2010-жылдын май айына чейин Президенттик аппаратта ишмердүүлүктү камсыздоо комиссиясын жетектеген.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.