Бакиров Мирлан Исакбекович

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети
28
Жыйынга келген жок
1475
Добуш
71
Демилге

Баруу статистикасы

24
Келди
3
Жок болду
52
Келди
7
Жок болду
39
Келди
15
Жок болду
17
Келди
3
Жок болду

Таржымал

1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин «бухгалтердик эсеп, контроль жана АХД» адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад областы боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган. 1998- 1999-жылдары - «Жалал-Абад АА» корпорациясында башкы бухгалтер. 1999- 2003-жылдары - Жалал-Абад облфинбашкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы. 2003-2005-жылдары - «Марьям и Ко» ЖЧК директордун орун басары, 2005- 2010-жылдары - «Дан-Юг» ЖЧК директору. 2010-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты. Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. 2015-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2015-жылдын октябрь айынан 2016-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары,экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетин төрагасы. 2017-жылдын 13-декабры күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V жана VI чакырылыштарынын депутаты катары азыркы убакытка чейин 35 тен ашуун мыйзам долбоорун демилгелеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Иран Ислам Республикасы менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси. Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Алган сыйлыктары: - КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы менен; - Евразия экономикалык биримдигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган. - Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун «Ардактуу атуулу» наамынын ээси. - Кыргыз Республикасынын Окмотунун Ардак грамотсы менен сыйланган. - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Манас жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
1-окуу
Каттоо номери : Номери: 6-10120/20
Күнү: 15.06.2020
«Саясий партиялар жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
2-окуу
Каттоо номери : Номери: 6-18185/19
Күнү: 03.09.2019
«Кесиптик бирликтер жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
2-окуу
Каттоо номери : Номери: 6-12058/19
Күнү: 27.05.2019
«Курултайлар жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-23942/17
Күнү: 06.12.2017
«Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-8084/17
Күнү: 11.04.2017