1967-жылдын 27-ноябрында Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Москвадагы А.С.Скрябин атындагы ветеринардык академиянын зооинженердик факультетин бүтүргөн.
1985-1987-жылдары Советтик армиянын катарында Ооганстанда кызмат өтөгөн.
1992-1995-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген.
1995-1997- жылдары Кара-Буура районундагы «Токчулук» дыйкан чарбасынын башчысы болуп иштеген.
1997-1998-жылдары Кара-Буура районундагы «Кол кабыш» жоопкерчилиги чектелген коомдун директору болгон.
1998-2005-жылдары Талас облусундагы «Кутман Ордо» фермердик ассоциациясынын төрагасы болуп эмгектенген.
2005-2010-жылдары Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
2010-жылы октябрда «Республика» саясый партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2015-жылы «Республика» саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1-класстагы кеӊешчиси;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги;
- мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.
«Эрдик жана кайраттулук үчүн» ордени, «Афган элинин атынан», «Ооганстан аскерлерди чыгаруунун 15 жылдыгы үчүн» ордени, «аскер кызматында өзгөчөлүгү үчүн 2-даражадагы» наамы, «СССР Аскер кызматынын 70 жылдыгы үчүн», «Кыргыз милициясына 80 жыл» менен сыйланган.