Гайпкулов Искандер Төрөбаевич 1966-жылдын 25-мартында Ош облусунун Араван районунун Жаңы-Арык айылында туулган.
Эмгек ишмердигин 1984-жылы Ош облусунун Араван райондук каржы бөлүмүнүн инспектору болуп баштаган.
1984-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумун "финансист" адистиги боюнча бүтүргөн.
1996-жылы Алма-Ата шаарындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясын "экономист" адистиги боюнча аяктаган.
1984-жылдан тартып 1986-жылга чейин СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн.
1984-1986-жылдары - Араван райондук финансы бөлүмүндө мамлекеттик киреше боюнча инспектор;
1986-1990-жылдары - Ош облустук финансы башкармалыгында текшерүүчү-инспектор, текшерүүчү ага инспектор;
1990-1991-жылдары - Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы мамлекеттик салык инспектору;
1991-1992-жылдары - Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүм башчысы;
1992-1993-жылдары - Ош шаарынын Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары;
1993-1996-жылдары - Ош облусунун Араван районунун Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси;
1996-1999-жылдары - Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси;
1999-жылдын август айынан тартып декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары;
1999-жылдын декабрь айынан 2002-жылга чейин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - Акими;
2002-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлчүлүктүн катчылыгы, “Инвестициялык төгөрөк стол” коомдук бирикмесинин эксперти;
2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин III чакырылышынын депутаты;
2007-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;
2011-2013-жылдары - "РСК Банк" ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы;
2013-2015-жылдары - жеке ишкер;
2015-жылдын январь айынан тартып 2017-жылдын декабрь айына чейин - "Аймактык саясат институту" мамлекеттик эмес билим берүү мекемесинин Борбор Азия боюнча филиалынын Кыргыз Республикасындагы бөлүмүнүн директору;
2017-жылдын декабрь айынан тарта "Ата Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты.
1999-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, 2009-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” ардак наамы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Биринчи даражадагы салык кызматынын кеңешчиси.
Аскердик наамы - подполковник.
Үй-бүлөлүү. 4 баланын атасы.