Айдаров Салайдин Абдираевич 1969- жылдын 17-июлунда Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992- жылы Бишкек шаарынын К. И. Скрябин атындагы айыл-чарба институтун «окумуштуу аграном» кесиби боюнча аяктаган. 1996- жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «экономист-менеджер» деген кесибине ээ болгон.
1988-1989 -жылдары Советтик армиясынын катарында кызмат өтөгөн.
1994-2004- жылдары Мамлекеттик бажы кызматында ар кандай кызмат орундарын аркалагап келген.
2009-2010- жылдары Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында тораганын биринчи орун басары болуп иштеген.
2009- жылы Мамлекеттик бажы кызматына көп жыл эмгек өтөгөнүнө байланыштуу кызмат ордунан бошотулган.
Үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 2 уулдун атасы.
2007- жылы Кыргыз Ресубликасынын бажы кызматынын атайын генерал-майор наамын алган.
2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча VIчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.