1956-жылы 26-апрелде Жалал-Абад областындагы Аксы районуна караштуу Кичи-Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кечүү айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1978-жылы Рязань шаарындагы радиотехникалык институтун аяктап, «физикалык электроника» адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1978-жылы Фрунзе политехникалык институтунда жөнөкөй окутуучудан баштаган.
1982-жылга чейин Фрунзе политехникалык институтунун аспиранты.
1984-1986 жылдары Фрунзе политехникалык институтунун комсомол комитетинин катчысынын кызматын аткарган.
1986-жылы Белорус ССР инин илимдер академиясынын электроника институтунда техника илимдеринин кандидаттык диссертациясын жактаган.
1991-жылы Ленинград шаарындагы так механика жана оптика институтунда докторлук диссертациясын жактаган (Санкт-Петербург)
1992-жылы профессорлук окумуштуулук наам алган.
1993-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги (оптика жана голография адистиги боюнча).
1992-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Илим жана жаңыт ехнологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы.
1994-1995-жылдары КыргызРеспубликасынын Илим жана билим министрлигинин биринчи орун басары.
1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын Мамлекеттик секретарынын биринчи орун басары.
1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысы
1998-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер министри.
1998-2000-жылдары Жалал-Абад областынын Мамлекеттик Администрациясынын башчысы-губернатору.
2000-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри.
2002-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер министри, транспорт жана коммуникациялар министрлигинин министри.
2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин биринчи орун басары.
2005-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын физика институтунун илимий лабораториясынын башчысы.
2009-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын физика-техника проблемалары жана материалдарды таануу институтунун директору, ошол эле учурда Раззаков атындагы КТУнун «Информатика жана эсептөөчү техника» кафедрасынын башчысы.
2015-жылдын 4-октябында «Бир Бол» саясый партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.