Жээнбеков Асылбек Шарипович

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети
8
Жыйынга келген жок
1690
Добуш
33
Демилге

Баруу статистикасы

25
Келди
2
Жок болду
56
Келди
3
Жок болду
52
Келди
2
Жок болду
19
Келди
1
Жок болду

Таржымал

2011-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалык кызмат ордуна шайланган Жээнбеков Асилбек Шарипович 1963-жылдын 27-августунда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1985-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чараба институтун, 1991-жылы Кыргыз жер иштетүү илим изилдөө институтунун аспирантурасын, ал эми 2002-жылы Экономика жана ишкердик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1985-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы «Ак-Жар» совхозунда агроном кесибинен баштаган. 1987-1992-жылдары Кыргыз пахтачылык жана түштүк айыл чарбасы боюнча тажырыйба станциясында илимий кызматкер болуп иштеген. 1992-1996-жылдары «Шариф», 1996-2002-жылдары «Искен» жоопкерчилиги чектелген коомдордун директору, 2002-2007-жылдары «Агрозооветсервис» ишканасынын башкы директору болуп турган. 2002-2007-жылдары – «Жер азыгы» Кыргызстан агробизнесчилер ассоциациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы. 2007-2010-жылдары – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси аркылуу V чакырылыштагы Кыргыз Рeспубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңеш Төрагасынын орунбасары болгон. 2011-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалыгына шайланган. 2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VIчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2015-жылдын 4-ноябрында VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Манас жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
1-окуу
Каттоо номери : Номери: 6-10120/20
Күнү: 15.06.2020
«Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-21178/19
Күнү: 11.10.2019
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-11612/17
Күнү: 25.05.2017
«Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-17074/16
Күнү: 22.06.2016
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Эмгек кодексине, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө», «Муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Cаясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 14546
Күнү: 06.06.2012
Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 14474
Күнү: 05.06.2012
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 8338
Күнү: 22.04.2011
Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 1599
Күнү: 06.02.2009