Зулушев Курманкул Токторалыевич

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети
27
Жыйынга келген жок
1531
Добуш
22
Демилге

Баруу статистикасы

21
Келди
6
Жок болду
48
Келди
11
Жок болду
51
Келди
3
Жок болду
13
Келди
7
Жок болду

Таржымал

Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында 1970-жылы туулган. Билими – жогорку. 1998-жылы Ош Мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек ишмердүүлүгү: 1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы “Ак-Жар” совхозунда жумушчу. 1988-1990-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1988 – 1999-жж. Ош технологиялык университетинин мугалими, декандын орун басары. 2000-ж. Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы 2001-ж. Нарын райондук прокуратурасында тергөөчүнүн стажеру. 2001-2005-жж. Нарын облусунун Кочкор районуну прокуратурасында тергөөчү жана Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы. 2005-2007-жж. Чүй областынын Жайыл районунун прокуратурасынын ага тергөөчүсү, Чүй областынын прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Чүй областынын Сокулук районунун прокуратурасынын тергөөчүсү, Кыргыз транспорттук прокуратурасында прокурордун ага жардамчысы. 2007-2013-жж. Чүй областынын Сокулук райондук сотунун судьясы. 2013-ж. Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары. 2015-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Vl-чакырылыштагы “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын депутаты. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9604/16
Күнү: 12.04.2016