Исмаилова Аида Жекшенбаевна

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети
8
Жыйынга келген жок
1637
Добуш
38
Демилге

Баруу статистикасы

27
Келди
0
Жок болду
53
Келди
6
Жок болду
52
Келди
2
Жок болду
20
Келди
0
Жок болду

Таржымал

1976-жылдын 17-декабрында Фрунзе шаарында мугалимдин үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Атасы Исмаилов Жекшенбай көп жылдар бою билим берүү тармагында эмгектенген, ал эми апасы Ургазиева Кузипа балдарды тарбиялоо менен алектенген. Орто билимди 1984-1994-жылдары Бишкек шаарынын № 62 мектебинде билим алган. Жогорку билимди Бишкек гуманитардык университетинин «Чыгыш таануу» факультетинен 1999-жылы «экономист-чыгыш таанучу» кесибин алып чыккан (адистештиги-Кореянын экономикасы). Эмгек жолун 1997-жылы, студенттик кезден баштаган. «Баласагын» жеке менчик мектебинде корей тилинен мугалим болуп эмгектенген; 1998-2002-жылдары «Пхурыл Киль» ЖЧКсында котормочу болуп иштеген; 2002-2005-жылдары «Хануль» ЖЧКсында негизги менеджер, котормочу адистигин ээлеп турган; 2005-2006-жылдары «Венчур Си энд Си Плаза» компаниясында котормочу; 2006-2008-жылдары «Венчур Си энд Си Плаза» компаниясында негизги менеджер – котормочу; 2006-2010-жылдары кореялык PARK8 OPC Компаниясынын Кыргызстандагы жергиликтүү өкүлү болуп ишин уланткан; 2011-2015-жылдары «Silk road services» ЖЧКсынын генералдык директору. 2015-жылдын октябрь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты. VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, ошондой эле Кыргызстан-Корея депутаттык достук тобунун жетекчиси. Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак» грамотасы менен сыйланган, жана ИИМдин «Датка айым» медалынын ээси. Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.

Депутаттын демилгелери

Кийинкисин көрсөтүү
«Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-17074/16
Күнү: 22.06.2016
«Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынган жок
Каттоо номери : Номери: 6-16633/16
Күнү: 20.06.2016
«Жеке менчикке кол тийбестик жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Жаңы
Каттоо номери : Номери: 6-15196/16
Күнү: 08.06.2016
«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Мыйзамдын долбоору
Кабыл алынды
Каттоо номери : Номери: 6-9604/16
Күнү: 12.04.2016